Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-декабрда Тогуз-Торо районундагы №11 Саймалуу-Таш орто мектебинде өрт катталганын билдирди.
Маалыматка караганда, тилсиз жоо 22:28де толугу менен өчүрүлгөн, жабыркагандар жок.
“Тилсиз жоо менен каршы күрөшүүдө куткаруучулардын ыкчам аракети менен мектепке улай салынган (2020-жылы курулуп пайдаланууга берилген) ашканасы сакталып калды. Жергиликтүү элдин көмөгү менен китеп жана парта, ж.б. эмеректери чыгарылып, алып чыгарылып, учурда Тогуз-Торо району боюнча ӨКБнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан өрт болгон жерге тийиштүү кароолорду жүргүзүү менен өрттөн келтирилген материалдык чыгым такталууда”, — деп айтылат маалыматта.