Connect with us

Айдоочулук күбөлүк алуу сынагына сурдокотормо киргизилди

Кыска кабар | 14 Дек 2024 | 250 | 0

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын декабрынан тарта угуусу начар адамдар үчүн айдоочулук күбөлүк алуудан теориялык экзаменде сурдокотормо жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, угуусу начар курсанттар экзамендин теориялык бөлүгүн кесипкөй сурдокотормочунун жардамы менен видео аркылуу тапшыра алышат. Бул аларга маалыматты оңой кабыл алууга жана жол кыймылынын эрежелери боюнча билим сынагынан ийгиликтүү өтүүгө жардам берет. Экзамендин бардык баскычтарында сурдокотормо берилет, анын ичинде нускамалар жана суроолорго жооп берилет.

Белгилей кетсек, бул кадам агенттик менен “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесинин кызматташуусунун натыйжасында мүмкүн болду.

«Инновация угуусу начар адамдардын коомдук турмушка аралашуусуна, алардын мобилдүүлүгүн жана көз карандысыздыгын жогорулатууга көмөктөшөт деп күтүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM