Connect with us

БУУ Эл аралык ак илбирс күнүн белгилөө боюнча резолюция кабыл алды

Кыска кабар | 13 Дек 2024 | 157 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын тийиштүү резолюциясынын негизинде 23-октябрь – Эл аралык ак илбирс күнү катары кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Муну менен Бириккен улуттар уюму Президент Садыр Жапаровдун Эл аралык ак илбирс күнүн белгилөө демилгесин колдоп берди.

Бул тарыхый окуя Кыргызстандын Борбор Азиядагы кайталангыс табиятты сактоо боюнча аракеттеринин глобалдык маанисин ачыктап турат. Мындан ары бийик тоолуу экосистеманын символу болгон ак илбирс эл аралык күн катары белгиленет.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында БУУнун Башкы Ассамблеясында 79-жыйынында Президент Садыр Жапаров ак илбирс региондун туруктуу өнүгүүсүнүн символуна айланганын айтып, аны сактоо боюнча Кыргызстандын аракеттерин тизмектеген.

Ошондой эле өткөн жылы Мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Ак кар-көк муздуу асман тиреген тоолорубузду байырлаган ак илбирс баштаган ажайып кооз жаратылышыбыздын баркына жетели, бапестеп сактайлы, урматтуу замандаштар!!!

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM