Connect with us

«Депутаттарга каалагандай суроо бересиңер». Шакиев өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтты

Кыска кабар | 11 Дек 2024 | 137 | 0

Кыргызстанда сөз эркиндиги бардык тармакта бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 11-декабрдагы жыйынында айтты.

Ал журналисттерге кайрылып, Жогорку Кеңеште маанилүү документ каралып жаткан учурда журналисттер депутаттарды чакырып каалагандай суроолорун берип жатканын мисал келтирди. Шакиев башка өлкөлөрдүн парламентинде журналисттер депутаттарды чакырып, суроо бере албастыгын, алар отурган жер айнек менен тосулганын айтты.

«Кыргызстанда сөз эркиндиги жок, сөз эркиндиги төмөндөп кетти» деп ар кандай индекс менен көптөгөн эл аралык уюмдар бизге баа берип жатат. Мына ушул туура эмес экенин айтып коеюн. Мына биз бул жерде эң маанилүү документти карап жатканыбызга карабай, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ар бир депутатты чакырып алып, каалагандай суроолорун берип жатат. Бул көрүнүш парламентаризмдин бешиги деген Улуу Британияда дагы массалык маалымат каражатарынын өкүлдөрү отурган жерди айнек терезе менен тосуп койгон. Журналисттер суроо бере албай, чакыра албайт. Чыкканда да депутаттар башка жол менен чыгат, ортодо журналисттер менен байланыш болбойт. Мына ошондой өлкө баа берип жатат, “Кыргызстанда сөз экиндиги төмөндөп кетти”, — деп. Мына сөз эркиндиги, каалагандай чакырып, каалагандай суроо берип жатат. Кыргызстандагы сөз эркиндиги айтылган учрда, ЖМК өкүлдөрү да үнүңөрдү чыгарып коюшуңар керек. Себеби бул өтө маанилүү. Бизде сөз эркиндиги бардык жерде бар”.

Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндигинин индекси төмөндөп жатканын, эркин журналисттерге кысым болуп жатканын айтып чыгышкан. Быйыл жыл башында 11 журналист массалык башаламандыкка чакырууга айыпталып кармалган. Кийин алардын көбү үй камагына чыгып, экөө камакта калтырылган. Иликтөөчү журналист Болот Темиров Кыргызстандан чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM