Connect with us

Аба ырайы: Түнкүсүн суук болот

Кыска кабар | 10 Дек 2024 | 188 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кыргызгидромет билдиргендей, 11-декабрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5,

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15, күндүз -1…-3 градус суук.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM