Connect with us

Бишкектин борборунда митингди чектөө мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 9 Дек 2024 | 193 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкекте борбордук аянтта жана негизги көчөлөрдө, айрым мамлекеттик мекемелердин жанында тынчтык митингин өткөрүүгө салынган тыюунун мөөнөтү дагы узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-сентябрда Биринчи май райондук администрациянын 31-декабрга чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизүү өтүнүчүн сот колдогон.

Чечимге ылайык, Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварынын темир жол бекетинен аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин имаратынын айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, өкмөт үйүнүн алдында жана анын жанындагы Турсунбаева атындагы бакчада, Жогорку соттун, Орусиянын элчилигинин жана Тышкы иштер министрлигинин иамараттарынын айланасында митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынат.

Ала-Тоо аянтында мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларды өткөрүүгө болот.

Ал эми тынчтык митингин М. Горький атындагы скверге, Рыскулов жана Н. Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан скверге өткөрүү сунушталат.

Акыркы жылдары Бишкекте борбордук аянтта тынчтык митингин өткөрүүгө тыюу салынып келет.

Copyright © 2017 Maral FM