Connect with us

Президент учактарга авиакеросин колдонбоо зарылдыгын айтты

Кыска кабар | 7 Дек 2024 | 137 | 0

Президент Садыр Жапаров учактарга авиакеросиндин ордуна альтернативдүү варианттарды колдонуу зарылдыгын фейсбук баракчасына жазды.

“Учак чыгарган өлкөлөр дүйнөлүк климаттык фонд менен биргеликте авиакеросин менен эмес, балким күн нурунан кубатталчу же электр кубаттагычы менен уча турган альтернативдүү варианттарды колдонууга өтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн үстүндө иш алып баруу зарыл деп эсептейм”-деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы мөңгүлөрдүн активдүү ээришине учактардан бөлүнгөн уулуу калдыктар да таасир этип жатканын белгиледи.

“Муну менен климаттын өзгөрүүсүнө, дүйнө жүзү боюнча мөңгүлөрдүн кыскарышына бардыгы эле айтып келгендей завод, фабрика же эски унаалардан чыккан газдар эле эмес, учактар да катуу таасир этерине көңүлүңөрдү бургум келет», — деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, дүйнө жүзү боюнча 2023-жылы 312 млн. тонна, 2024-жылы 335 млн. тонна авиакеросин сарпталган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM