УКМК тарабынан кылмышты жашыруу максатында алдамчылык жана документтерди жасалмалоо боюнча коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу багытында жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын алкагында М.С.А. аттуу жактоочу кармалды.
Тактап айтканда, М.С.А. жактоочулук кесиптик ишин жүргүзүү менен, сот органдарынын кызмат адамдары менен байланышы бар деп айтылган ишенимге кирип, 22 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган.
Ошону менен бирге бул кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө башка кылмыш аныкталып, документтештирилген, тактап айтканда адвокат М.С.А. өзүнүн кылмышын жашыруу максатында жасалма документтерди жасаган, буга байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан экинчи кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында М.С.А.нын кылмыш жосундарына катыштыгынын төгүндөлгүс далилдери документтештирилген.
Мындан улам, 2024-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен адвокат М.С.А. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Учурда тергөө иштери улантылып жатат.