Connect with us

Акыйкатчы Сузактагы бала бакчада сабалган балдардан кабар алды

Кыска кабар | 5 Дек 2024 | 196 | 0

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Сузактагы бала бакчада сабалган бөбөктөрдүн окуясынан кийин өзгөчө тынчсыздануу менен тиешелүү мамлекеттик органдарды бул окуяны тыкыр иликтөөгө чакырды.

Жаманбаева бөбөктөрдүн билим берүү мекемелеринде ушундай ырайымсыз мамилеге дуушар болуп жатканы өтө кейиштүү экенин айтты.

«Балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө карата мыйзам чегинде баардык чаралар колдонулушу керек. Балдардын коопсуздугун камсыздоо жаатында кечиктирилгис чаралар көрүлүшү керек», -деди Жаманбаева.

Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү №1 «Кенжетай» бакчасында сабалган балдардан кабар алып, ата-энелери менен жолугуп келди.

Үч ата-эне балдарынын укугун коргоо өтүнүчү менен Акыйкатчыга кайрылды. Ур-токмокко кабылган бөбөктөр 2, 3 жана 4 жашта.

Ата-энелеринин маалыматында, үчөөнүн тең денелеринин ар-жерлери көгөрүп, тытылган.

«Менин балам бул бала бакчага 2022-жылдын күз айынан тарта барат. Акыркы учурларда баламдын ар-жери көгөрүп, кулагынын арты тытылып келгенде тарбиячыларынан сурасам, балдар менен уруша кетишти деп койчу. Баламды тарбиячылары уруп жүргөнүн 29-ноябрь күнү билдик. Учурда, балам башы, бели ооруп жатканын көрсөтүп, ыйлап, кусуп жатат», -деди балдардын биринин апасы.

Учурда балдар психологиялык жардам алууга муктаж.

Ата-энелердин биринин Акыйкатчыга жазган арызында, алардан 700 сомдон чогултулуп видео көзөмөл орнотулган. Бирок, алар сураганда мекеменин жетекчиси видео көзөмөл эч кандай жазуу жүргүзбөгөнүн айткан. 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM