Connect with us

УКМК: Салык кызматынын бир нече жетекчиси кармалды

Кыска кабар | 4 Дек 2024 | 300 | 0

УКМК Мамлекеттик салык кызматынын бир нече жогорку кызматтагы жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып кармалганын билдирди.

Экономикалык коопсуздукту камсыздоо, коррупцияны жоюу жана мамлекеттик органдарда анын көрүнүштөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын бир тобунун кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча маалыматтар алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө акциздик товарларды (алкоголдук ичимдиктерди жана кант камтыган продукцияларды, тамеки буюмдарын) иш жүзүндө бул продукцияларды негизинен республиканын түштүк аймактарына жеткирүүчү айрым ири өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар тарабынан четтөөлөр жана товардык-транспорттук документтерди жокко чыгаруу фактылары аныкталган.
Кармалаган Салык кызматынын кылмышка шектүү жетекчилери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2024-жылы Бишкек шаарынын аймагындагы товарлардын акциздик тобуна жалпы наркы 3,2 миллиард сомду түзгөн эсеп-фактураларды атайылап көз жаздымда калтырышкан.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек райондук бөлүмдөрүндө жана ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгына тинтүү жүргүзүлдү. Мындан тышкары мамлекетке келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо үчүн тиешелүү текшерүүлөр дайындалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде бул кылмышка шектүү катары Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыктарынын төрт жетекчиси кармалып,
сот тарабынан бөгөт коюу чарасы каралды.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, анын алкагында кылмыш иши боюнча бардык айыпталуучулардын, анын ичинде бизнес өкүлдөрүнүн жана Мамлекеттик салык кызматынын башка кызматкерлеринин кызматтык абалына, жана аракеттерине юридикалык баа берилет.
Тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыгы тбоюнча УКМК кошумча маалымат айтылаарын кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM