Connect with us

АЭУда REBOOKS долбооруна арналган иш-чара өттү

Кыска кабар | 4 Дек 2024 | 179 | 0

3-декабрда АЭУда REBOOKS китеп долбооруна жана Ala-Too Book клубунун ачылышына арналган иш-чара өттү. Иш-чараны университеттин ректору Жылдызбек Жакшылыков ачып, бул демилгелердин студенттердин билим алуусу жана жеке өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Клубдун куратору Жаныбек Абидетегин Ala-Too Book клубунун негизги максаты – китептерди презентациялоо жана библиотерапия багытын өнүктүрүү экенин белгилеп, төмөнкүлөрдү айтты:

«Клубдун алгачкы долбоору катары REBOOKS ишке ашырылды. Анын максаты – китептерге «экинчи өмүр» тартуулоо. Бул демилге студенттердин колдоосу менен ишке ашып, 500дөн ашуун китеп чогултулду. Долбоор жогорку окуу жайлар аралык мүнөзгө ээ болгондуктан, биз аны эстафета катары И. Арабаев атындагы КМУга өткөрүп жатабыз. Жамгыр, Дарак, Бугупресс, Book House китеп дүкөндөрүнө, ошондой эле Манас улуттук академиясына терең ыраазычылык билдиргим келет«.

Клубдун президенти Каныкей Абдилахатова долбоордун жана клубдун түзүлүү тарыхы жөнүндө айтып, келечекке коюлган пландары менен бөлүштү:

«Биз башталгыч клуб катары жакшы иш алып бардык деп эсептейм. Акциянын алкагында китептерин алып келген катышуучулар лотерея билеттерин алышты. Долбоорубуз университетте гана калып калбастан, башка окуу жайга өткөрүлүп жатат. Бардык катышуучуларга, университетибизге жана китеп дүкөндөрүнө китептерин бергендиги үчүн ыраазычылык билдирем. Ошондой эле студентибиз Султан Сарыгуловго өзгөчө рахмат айткым келет, анткени ал чоң атасы Садыр Сарыгуловдун калемине таандык 100дөй китебин китепканабызга өткөрүп берди«.

И. Арабаев атындагы КМУнун студенттик кеңешинин өкүлү Нурайым Акбарова долбоорду кабыл алууга даяр экенин билдирип, чакыруу үчүн ыраазычылык айтты.

Иш-чаранын программасы бий жана музыкалык номерлерди, Kahoot интеллектуалдык оюнун, лотерея ойнотууларды жана белгилүү акын, көптөгөн популярдуу ырлардын автору Акбар Кубанычбековдун чыгармаларын камтыды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM