Connect with us

Медер Машиев Кореянын Геология жана ресурстар институту менен келишимге кол койду

Кыска кабар | 4 Дек 2024 | 133 | 0

4-декабрда президент Садыр Жапаровдун Корея республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Кореянын геологиялык илимдер жана минералдык ресурстар институту (КIGAM) менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду.

Эки өлкөнүн тиешелүү министрликтери кол койгон меморандум Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрү айтылды.

  • алдыңкы технологиялар жөнүндө илимий жана техникалык маалымат алмашуу;
  • инновациялык чечимдерди колдонуу менен кен казуу тармагынын жана металлургиялык процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлор;
  • эки тарапты тең кызыктырган башка багыттарды өнүктүрүү.

Меморандум пайдалуу кендер жана металлургия чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн негиз боло турганы маалымдалды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM