Connect with us

“Ынтымак Ордого” экскурсияга баруунун тартиби өзгөрдү

Жаңылык , Кыска кабар | 22 Ноя 2024 | 103 | 0

Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, экскурсия ар жуманын ишемби күнү өткөрүлөт. Ал үчүн алгач электрондук түрдө аркылуу паспорт менен катталып, белгиленген бөлүмдөрдү толтуруу шарт.

  • Административдик имарат менен таанышууга келген жарандардын кийимдери коомдук жайларда жүрүүнүн жалпы ченемдерине жооп берүүсү зарыл.
  • Экскурсия учурунда жарандар коомдук тартипти сактоого тийиш.
  • Административдик имаратка бир жолу экскурсияга кирип чыккан жаранга, экинчи жолу уруксат берилбейт.
  • Санитардык-эпидемиологиялык кырдаал курчуган жана мамлекеттик иш-чаралар өтүп жаткан учурларда экскурсия уюштуруу убактылуу токтотулат.

Экскурсия учурунда төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) имаратка спирт ичимдиктерин, тамак-аш, суусундуктарды, балмуздак ж.б. алып кирүүгө;

2) имараттын ичине ок атуучу куралдарды, курч предметтерди, бат от алуучу баллондорду, ууландыруучу, жардыруучу жана зыяндуу заттарды, чоң көлөмдөгү баштык, рюкзак, чемодан ж.б. буюмдарды алып кирүүгө;

3) ролик, велосипед, скейтборд ж.б. пайдаланууга;

4) коомдук жалпы жүрүм-турум эрежелерин, кооопсуздук техникасын, ошондой эле экскурсиянын талаптарын бузууга;

5) коштоп жүргөн жооптуу кызматкерсиз өз алдынча кызматтык бөлмөлөргө жана башка жайларга кирүүгө;

6) имараттын ичиндеги приборлорду, жабдууларды, жарык берүүчү жана башка техникалык системаларды өз алдынча өчүрүп-күйгүзүүгө.

Белгилей кетсек, эрежелерди бузган жаранга административдик имараттын ички тартибин көзөмөлдөөчү кызматкерлер тарабынан эскертүү берилет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM