Connect with us

Эрдогандын сапарынын алкагында кол коюлган документтердин тизмеси

Кыска кабар | 5 Ноя 2024 | 297 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык кызматташтык мамилелерин Жалпы камтуучу стратегиялык кызматташтык деңгээлине чыгаруу жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюлду.

Мындан тышкары:

— эки өлкөнүн өкмөттөрүн ортосундагы коопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— аудиовизуалдык кызматтарды биргелешип өндүрүү жөнүндө макулдашуу;

— Бишкек кыргыз-түрк достук ооруканасын биргелешип башкаруу жана Кыргызстандын жарандарын Түркияда медициналык адистиктер боюнча окутуу жөнүндө макулдашуу;

— жаныбарлардын саламаттыгын коргоо, жаныбарлардан алынган азыктарды сатуу маселелери боюнча макулдашуу;

— энергетика, энергиялык майнаптуулук жана энергияны үнөмдөө тармагында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— азык-түлүк коопсуздугу жана рынокту контролдоо жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

— финансы министрликтеринин ортосундагы меморандум;

— органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;

— Улуттук коопсуздук кеңешинин башкы катчылыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— кинологиялык иш боюнча кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө протокол;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум;

— архив кызматтарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө протокол;

— Улуттук банктардын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— миграция жаатында кызматташуу боюнча меморандум;

— коргоонуу өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— мамлекеттик тышкы карызды кечүү жөнүндө макулдашуу;

— аманат депозиттерин камсыздандыруу жөнүндө меморандум;

— гидроэлектрстанцияларды куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө алкактык макулдашуу.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM