13-октябрда саат 08:25те Өзгөн районунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институнун маалыматына караганда, Чымбай, Бакмал, Мырза-Аке, Куршаб, Кароол, Шералы айылдарында жана Өзгөн шаарында 3 балл, Мырза-Арык айылында 3,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.