Биз менен байланышыңыз

«Сосновка» жана «Кара-Көл» пункттарында кышкы дөнгөлөгү жок унаалар артка кайтарылат

Кыска кабар | 11 Окт 2024 | 108 | 0

Транспорт жана коммуникациялыр министрлиги «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө пункттарында унаалардын кышка даярдыгы текшерилип, талапка жооп бербегендер артка кайтарыларын эскертти.

Министрлик тоолуу аймак жана ашуулар аркылуу жол тарткан айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырды.

«Ашууларда унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо — кырсыкты алдын алып, жол коопсуздугун камсыздайт. Алыс жолго сапар алган учурда жаныңызга музга туруштук бере турчу атайын чынжырча ала жүрүңүз»,-деп айтылат маалыматта.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, 12-октябрда өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.  14-16-октябрда туруксуз аба-ырайы сакталып турат, абанын температурасы төмөндөп, мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM