АКШда «Хелен» куюнунан каза болгондордун саны 200дөн ашты. Сентябрдын аягында АКШнын түштүк-чыгышында болгон табигый кырсыктан кийин куткаруучулар аман калгандарды издөөнү улантышууда.
Би-Би-Си каза болгондордун көбү Түндүк Каролина штатында катталганын жазды. Хелен куюну 2005-жылдагы 1800дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Катрина куюнунан берки эң күчтүү бороон-чапкын болуп, көпчүлүк аймактар талкаланды.
Жүздөгөн адамдар дагы эле дайынсыз болууда. 750 миңден ашуун үй жарыксыз калып, көптөгөн жолдор жабылып, жабыркаган аймактарга жардамдын жетүүсү кыйындады.