Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда пенсияга чыгуу үчүн эми 5 жылдык эмгек стаж талап кылынат

Кыска кабар | 5 Окт 2024 | 168 | 0

Кыргызстанда пенсияга чыгуу үчүн мурда 20-25 жыл эмгек стаж талап кылынган болсо, эми 5 жылдык гана эмгек стаж талап кылынат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев «Кабар» агенттигине билдирди.

Президенттин жарлыгына ылайык, 2024-жылы пенсия эки этап менен көтөрүлгөн. 1-июлдан тарта пенсиянын төмөнкү бөлүгүн 3500 сомго, октябрдан тарта 6900 сомго жетти.

Пенсиянын базалык бөлүгүн толук алуу үчүн буга чейин эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынчу. 1-июлдан тарта ал норма алынып, 5 жыл иштегендерге базалык бөлүгү толук төлөнө баштады.

«Мунун себеби, пенсиянын базалык бөлүгү эмгек стажына жараша прапорционалдуу түрдө эсептелип, пенсиянын базалык бөлүгү аз болуп чыгып калчу», — деп түшүндүрдү Соцфонддун башчысы.

Беш жылдык стажы жокторго эки миң сом өлчөмүндө карылык боюнча жөлөк пул төлөнөт. Карылык боюнча жөлөк пул мамлекет тарабынан Эмгек министрлигинин бюджетинен берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM