Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаров: Мугалимдерге шарттарды түзүү үчүн чоң аракеттер жасалууда

Кыска кабар | 5 Окт 2024 | 73 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда мугалимдерди жана билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Өлкө башчы билим сапаты мугалимдин деңгээлинен көз каранды экенин, мугалимдер күчтүү болсо, өлкөнүн өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этерин айтып, Сингапур, Финляндия, Эстония, Түштүк Корея сыяктуу өнүккөн өлкөлөр билим берүүгө, анын ичинде мугалимдерге өзгөчө көңүл буруунун натыйжасында өнүккөндүгүн белгиледи.

Кыргызстанда билим берүү тутумун өнүктүрүү, мугалимдерге тиешелүү шарттарды түзүү үчүн чоң аракеттер жасалып жатканын, мектеп жетишсиздиги, окуу китептери одоно каталар менен басылып чыккан көйгөйлөр бара-бара жоюлуп, окутуунун заманбап ыкмаларын пайдаланууга басым жасалып жатканын айтты.

«Мугалимдик кесипти жашоодо карьера катары тандоого түрткөн шарттарды түзүүгө аракет кылабыз. Ошондо гана өлкөбүздө мугалимдер берилүү менен иштейт, натыйжа чыгарат, ийгилик жаратат. Азыркы учурда кесипкөй, өз ишин мыкты билген мугалимдердин талыкпаган эмгегин баалагандар жыл өткөн сайын артып барат. Буюрса, мугалимдин коомдогу кадыр-баркы дагы көтөрүлөт» , — деди президент.

Жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө «Мугалимдер» күнү белгиленет. 2014-жылы өкмөттүн токтому менен Кыргызстандын билим берүү кызматкерлеринин күнүн 5-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган.

Улуттук статистикалык комитет мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелерин, мектептерде эркек мугалимдерге караганда аял мугалимдер пайыз менен алганда кыйла жогору экенин билдирди.

Мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 86 пайызын аялдар түзөт, алардын 5 пайызы директордун жана директордун орун басары кызматын ээлешет.

Мектептерде мугалимдердин жүгүнүн деңгээли жогору бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Шаардык жана айылдык мектептердин мугалимдеринин жүгү кыйла айырмаланат. Шаардагы мектептерде бир мугалимге орточо 19 окуучу туура келсе, айылдагы мектептерде  14 окуучу туура келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM