Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБине 90 миң тоннадан ашык көмүр жеткирилди

Кыска кабар | 5 Окт 2024 | 47 | 0

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы август айынын башынан бери Бишкек жылуулук электр борборуна 90 миң тонна көмүр берди. Тоннасы 4 миң 915 сомду түздү.

Маалым болгондой, министрлер кабинетинин алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча токтомуна ылайык, Бишкек ЖЭБине 750 миң тоннадан кем эмес көмүр жеткирилиши керек.

«Кыргызкөмүр» ишканасынын маалыматы боюнча, анын 50 миң тоннасы Таш-Көмүр кенинен, мамлекеттик ишкана өзү жалпысынан 520 миң тоннаны жеткирет, дагы 180 миң тоннаны Миң-Куш кенинен алып келишет.

1-октябрдан бери калктын керектөөсүнө 95 миң 213 тонна көмүр, бюджеттик мекемелерге 16 миң 187 тонна көмүр ташылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM