Биз менен байланышыңыз

Иран 180 баллистикалык ракета менен Израилге чабуул жасады

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Окт 2024 | 136 | 0

1-октябрь күнү кечинде Иран Израилге баллистикалык ракеталар менен чабуул жасады. Тегеран муну «Хезболла» жана «Хамастын» лидерлеринин өлүмүнө жооп катары жасаганын билдирди.

Буга чейин агенттиктерде жана социалдык тармактарда ракеталар Ирандын баллистикалык ракеталары Иорданиянын үстүнөн учуп, Израилде атып түшүрүлгөн  видеолор тараган.

Жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат сегиз жарымда Израиль армиясы коркунуч өткөнүн жана бомба баш калкалоочу жайларды таштап кетүүгө мүмкүн  болгонун жарыялады.

Израилдик аскерлердин алдын ала эсептөөлөрү боюнча Иран 180 ракета учурган.

Израилдин коргоо күчтөрүнүн басма сөз кызматы  Даниел Хагари соккудан көп өтпөй брифингде курман болгондор тууралуу азырынча маалыматы жок экенин айтты. Мындан тышкары ал раекталык чабуулдун  кесепеттери тууралуу эч нерсе айткан жок.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи  «Израиль кырдаалды мындан ары дагы күчөтсө Иран тараптан мындан дагы күчтүү жооп кайтарылат»,- деп билдирди.

Израилдин премьер министри Биньямин Нетаньяху Ирандын Израилге жасаган чубуулдарына сөзсүз түрдө жооп кайтарыла турганын билдирди.

АКШ президентинин администрациясы президент Жо Байден америкалык аскерлерге Израилге чабуулдун мизин кайтарууга жардам берүүнү буйруганын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM