Биз менен байланышыңыз

Президент шаардык жана айылдык кеңештин депутаттарынын санын бекитти

Кыска кабар | 1 Окт 2024 | 86 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Маалыматкар караганда, аталган мыйзам долбоору жергиликтүү кеңештердин сандык курамын белгилейт. Мыйзамга ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү кеңеши 51 депутаттан турат. Ал эми калган аймактарда калктын санына жараша  эки миңден жети миңге чейинки жашоочусу бар аймактардын жергиликтүү кеңеши 31 депутаттан турса, жети миң жана андан көп адам жашаган аймактарда  41 депутат шайланат.

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңш 19-сентябрда кабыл алган.

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоону 17-ноябрга дайындаган. Бул шайлоодо айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер шайлоо күрөөсүнөн бошотулган. Ал эми шаардык кеңештерге катышкан саясий партиялардын шайлоо босогосу жети пайыздан беш пайызга түшүрүлгөн.

БШК шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталып, 7-октябрында саат 18:00гө чейин, талапкерлердин тизмесин каттоо 18-октябрында аяктаарын билдирди.

Ал эми айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 2024-жылдын 17-октябрында саат 18:00гө чейин, талапкерлерди каттоо 28-октябрь күнү аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM