Биз менен байланышыңыз

Марк Цукербергдин байлыгы биринчи жолу 200 млрд доллардан ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Сен 2024 | 104 | 0

Фейсбук социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукербергтин байлыгы 200 миллиард доллардан ашты. Цукерберг Тесланын негиздөөчүсү Илон Маск, Aмазондун негиздөөчүсү Жефф Безос жана LVMH тобунун ээси Бернард Арнодон кийин тарыхта бул көрсөткүчтөн ашкан төртүнчү миллиардер болуп калды.

Бул тууралуу Bloomberg билдирет.

Агенттиктин маалыматына караганда, Фейсбуктун башкы компаниясы болгон Metaнын акцияларынын рекорддук баасынын аркасында Цукербергдин таза байлыгы эки жылга жетпеген убакытта дээрлик алты эсе өсүп, 201 миллиард долларга жеткен.

2022-жылдын ноябрында Metaнын акциялары 90 доллардан сатылган. Азыркы маалда бир баалуу кагаздын баасы 560 доллардан ашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM