Биз менен байланышыңыз

Он райондук электр тармактарында акылдуу эсептегичтер орнотулду

Кыска кабар | 30 Сен 2024 | 100 | 0

Өлкө боюнча он райондук электр тармактарында акылдуу эсептегичтер орнотулду. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, акылдуу эсептегичтер Каракол, Түп, Чолпон-Ата, Нарын, Кочкор, Тянь-Шань РЭТтери, Жалал-Абад жана Ош шаардык электр энергиясын сатуу кызматы, Талас жана Үч-Коргон участогунда толук орнотулду. Баткен шаарында акылдуу эсептегичтерди орнотуу 50 пайызга бүттү.

Акылдуу эсептегичтерди ишке киргизүү — электр камсыздоонун процесстерин автоматташтырууга, маалыматты, эсеп-кысаптарды алыстан чогултууга, дебитордук карызы бар абоненттерди алыстан өчүрүүгө, төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кайрадан туташтырууга, эсептегичтин уруксатсыз ачылышы тууралуу сигналды алыстан алууга жана башка иштерди аткарууга мүмкүнчүлүк берет.

Электр энергиясына болгон төлөмдөрдүн структурасында төлөм терминалдарынан жана мобилдик тиркемелерден келип түшкөн каражаттын көлөмү өсүп жатканы кабарланды.

Жакын арада өлкөнүн бардык аймактарында 650 миң эсеп алеттерин орнотуу боюнча долбоорду ишке ашыруу пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM