Биз менен байланышыңыз

Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги сунушталды

Кыска кабар | 22 Окт 2024 | 75 | 0

Соттор кеңеши Жогорку соттун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлигин карап, бир добуштан колдошту. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Конституциянын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, президент Соттор кеңешинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын ичинен 5 жылдык мөөнөткө Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын дайындайт.

Замирбек Базарбеков 9-октябрда Жогорку соттун төрагасы кызматынан кетүү боюнча арыз жазып, аны Соттор кеңеши жана Жогорку Кеңеш карап, макулдугун берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM