Биз менен байланышыңыз

Кытай Израилдин Ливанга урган соккусу боюнча үн катты

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Сен 2024 | 171 | 0
Интернеттен алынган сүрөт.

Бээжин Ливандын суверендүүлүгүн, коопсуздугун жана улуттук намысын коргоо иштеринде катуу колдоого алат.

Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И  БУУнун Башкы Ассамблеясында Ливандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Абдалла Бу Хабиб менен жолукканда айтты.

РИА новости агенттиги жазгандай, Ван И Кытай региондогу кырдаалдын өнүгүшүнө, өзгөчө Ливандагы байланыш жабдууларынын  жарылууларына тынчыздануусун жана карапайым калкка каршы тымызын чабуулдарга каршы экендигин билдирген.

«Кырдаал кандай өзгөрбөсүн, биз ар дайым адилеттик менен араб боордошторубуздун, анын ичинде Ливандын тарабында турабыз», — дейт Кытайдын Тышкы иштер министри.

23-сентябрда Израил армиясы Ливандын түштүгүндө, Бекаа өрөөнүнүн чыгышында жана Сирияга жакын түндүк чөлкөмдө жаңжал башталгандан берки «Хезболлага» каршы эң ири сокку урду. Израилдин армиясы акыркы 24 саатта Ливандагы Хезболланын 1300 бутасына сокку урганын билдирди.

Ливандын саламаттык сактоо министрлиги Израилдин 23-сентябрда урган соккуларынан кеминде 492 киши, анын ичинде 35 бала набыт болгонун билдирген.

Мындан тышкары, 1600дөн ашык адам жараат алган. Каза болгондордун канчасы «Хезболла» жоочулар тобунун мүчөсү, канчасы жайкын тургундар экени белгисиз.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, бул 1975-1990-жылдардагы жарандык согуш аяктагандан берки эң жогорку өлүм көрсөткүчү.

Бул окуя 2023-жылы Газада кармаш башталып, Израил менен Ливандын чек арасында абал курчуй баштагандан берки эң ири чабуул болду. 22-сентябрда Израил Ливандын түштүгүндө курал-жарак сакталган жерлерден алыс кетүүгө, ал жакта жашагандарды эвакуация болууга чакырып, Иран колдогон, Израилде жана АКШда террордук уюм деп жарыяланган ливандык топ «Хезболлага» каршы «масштабдуу сокку» уруларын эскерткен.

Өткөн аптада Ливанда миңдеген пейджер жана рация жарылып, кеминде 37 киши каза болуп, миңдеген адам жарадар болгон. «Хезболла» чабуул үчүн Израилди айыптап, ал окуяга тиешеси бар экенин ачык моюнга алган эмес. Бул масштабдуу операция кандайча жүргүзүлгөнү азырынча толук ачыктала элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM