Биз менен байланышыңыз

ЕЭКтин энергетика министри Арзыбек Кожошев IFR-2024 конгрессине катышты

Без рубрики | 17 Окт 2024 | 27 | 0

ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Стамбулда Эл аралык жол федерациясы (IRF) тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк конгресске катышты.

Иш-чаранын негизги максаты мобилдүүлүктү кеңейтүү багытына арналган.

Арзыбек Кожошев Дүйнөлүк конгресстин катышуучуларын евразия мейкиндигиндеги транспорт чөйрөсүндөгү негизги интеграциялык жетишкендиктер жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле ал транспорттук ишмердүүлүккө санариптик чечимдерди киргизүүнүн, тажрыйба алмашуунун жана жол чарбасы чөйрөсүн өнүктүрүүгө дем берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Фундаменталдык өзгөрүүлөр, жаңы соода рыноктору түзүлгөн жана транспорттук коридорлор трансформацияланган шарттарда ташуулардын үзгүлтүксүздүгү жана Чоң Евразиянын туруктуу транспорттук-логистикалык алкагын түзүү өзгөчө мааниге ээ», — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Эл аралык Жол Федерациясы (IRF) 1948-жылы түзүлгөн. Мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн автомобиль жолдорунун тармагын куруунун жана өнүктүрүүнүн улуттук программаларын иштеп чыгуу, автожол тутумдарын өнүктүрүүгө тиешелүү статистикалык, техникалык, экономикалык, окуу жана башка материалдарды чогултуу жана жайылтуу боюнча күч-аракеттерин колдоо үчүн Федерация 4 жылда бир жолу дүйнөлүк конгресстерди жана 2 жылда бир жолу — Европа, Африка, Жакынкы Чыгыш, Түндүк жана Түштүк Америка, Азия жана Тынч океан өлкөлөрү үчүн эл аралык аймактык конференцияларды өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM