Биз менен байланышыңыз

17-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында үшүк жүрөт

Кыска кабар | 16 Окт 2024 | 106 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 17-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан аралаш кар, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу автожолдордо кар жаап, тоңголок болот. Республиканын кээ бир райондорунда туман түшөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, айрым аймактарында -2 суук болуп үшүк жүрөт, күндүз +4…+9

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9

Нарын жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, карга айланышы  мүмкүн, күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт.  Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 7…9° жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM