Connect with us

Кыргызстанда шарп ылаңына каршы вакцина чыгаруу пландалууда

Кыска кабар | 16 Окт 2024 | 288 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Yangling Jinhai Biotechnology Co., Ltd компаниясынын төрагасы Лю Янлин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба жана биотехнология тармагында кызматташуу, анын ичинде Кыргызстанда шарп ылаңына каршы вакцина чыгаруучу жабык циклдеги заводду ишке киргизүү маселелери талкууланды.

Долбоор өндүрүштүк циклдин бардык этаптарын: малды багып, бордоп семиртүүдөн баштап, эмдөө жана мал союучу жайга чейин толук камсыздоону камтыйт. Талкуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн ветеринардык коопсуздугун чыңдоо жана айыл чарба жаныбарларынын арасында жугуштуу оорулардын таралуу коркунучун олуттуу төмөндөтүүчү жогорку сапаттагы вакциналарга ички суроо-талапты камсыздоо үчүн бул долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Лю Янлин Yangling Jinhai Biotechnology Co., Ltd компаниясынын заводдун курулушуна инвестиция салуу, алдыңкы технологияларды өткөрүп берүү жана жергиликтүү адистерди даярдоо багытында кызматташууга даярдыгын баса белгиледи.

Тараптар долбоордун конкреттүү этаптары боюнча, ошондой эле, мындан аркы кадамдарды координациялоо үчүн жумушчу топ түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашышты. Заводдун ишке кириши ата мекендик мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана коңшу мамлекеттерге вакциналарды экспорттоо үчүн жаңы рынокторду ачууга өбөлгө болору күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM