Биз менен байланышыңыз

«Бакырбаган балдар» бестселлер китеби кыргызчаланды

Кыска кабар | 9 Сен 2024 | 170 | 0

«Китепстан» басма үйү «Бакырбаган апалар» бестселлер китебинин автору Хатиже Күбра Тонгардын дагы бир маанилүү эмгеги «Бакырбаган балдар» аталышындагы китепти кыргызчага которду.

Бул тууралуу аталган басма үйдүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев кабарлады.

Китептен ата-энелер бакырчаак, долуланган (каприз) баласына байланыштуу маселелерге чечим таба алышат. Муну менен катар балдарды чоңойтууда  пайда болгон ар кандай учурларга жоопторду тапса болот. Мисалы, баланын табити жок болсо эмне кылыш керек? Өз алдынча даарат ушатууну кантип үйрөтөм? Телефондон кантип алыстатам? ж.б суроолорго жооптор айтылат.

Китеп бардык бала тарбиялоочуларга колдонмо катары сунушталат. Балдардын сезимдерин түшүнүүгө, аны жакындан таанууга көмөктөшөт.

«Бакырбаган балдар» китебинен төмөнкү суроолорго жооп таба аласыз:

  • Бакырчаак балама кандай жардам бере алам?
  • Ыйлаак балама кандай жардам берсем болот?
  • Кежирленген балама кандай жардам бере алам?
  • Бир тууганын кызганган балама кандай жардам бере алам?
  • Сөз укпаган балама кандай жардам бере алам?
  • Кыжырданган балама кандай жардам бере алам?
  • Истерикага кабылган балама кандай жардам бере алам?
  • Калп айткан балама кандай жардам бере алам?
  • Балама махрамият тарбиясын кантип туура бере алам?
  • Уктай албаган балама кандай жардам бере алам?
  • Төшөккө сийген балама кандай жардам бере алам?
  • Жыныс мүчөсүн кармалаган балама кандай жардам бере алам?
  • Технологияга көз каранды балама кандай жардам бере алам?
  • Тапшырма аткарууну каалабаган балама кандай жардам бере алам?

Түрк жазуучусу Хатиже Күбра Тонгар «Бакырбаган апалар» китебинде эмне үчүн бакырарыбызды, ачуубузду кантип көзөмөлдөөнү, кайгы-капалыктарыбызды, таарынычыбызды отуруп сүйлөшүп, муздап калган энелигибизди жаңыдан жылытууну, балдар эмне үчүн терс кылык-жоруктарга барышынын себептерине токтолот.

Балага жаза берүү ишке жарабасы жана аларды тартипке салуунун ыкмалары берилет. Бул китеп бакырбаган апа болуу куру кыял эместигин жана кыйкырбастан бала тарбиялоо ыкмаларын сунуштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM