Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда жаңы административдик имараттын курулушу башталды

Кыска кабар | 29 Авг 2024 | 210 | 0

 Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын административдик имаратынын курулушу башталды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, имарат Жалал-Абад шаарындагы Байзаков көчөсүндө жайгашкан 7,6 гектар жер аянтын ээлеген мурдагы Жазаларды аткаруу кызматынын ордуна курулууда.

Капсула салуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана калаа тургундары катышты.

Камчыбек Ташиев имарат ыкчам курлуп, ошол эле учурда сапаттуу болушу зарылдыгын белгиледи. Бул аракет мамлекеттик кызматкерлерге керектүү шарттарды жаратуу, шаар инфраструктурасын жакшыртуу максатында колго алынганын кошумчалады.

Административдик имараттын курулушун келээрки жылы бүткөрүү пландалган. Ал жети кабаттан туруп, массалык иш-чараларды өткөрүүчү аянты жана сейил бак менен курчалат.

Белгилүү болгондой, курулушка керектелүүчү каражат толугу менен мамлекеттик казынадан бөлүнүп, жалпы 1,6 млрд сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM