Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Ташиев Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун оңдоо иштерин көрдү

Кыска кабар , Спорт | 1 Авг 2024 | 349 | 0

Бүгүн, 1-август күнү Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорт аренасынын капиталдык оңдоп түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Анда Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков да болду.

Ушул жылдын сентябрь айынан тарта башкы стадион футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү турунун беттештерин кабыл ала баштайт. Ага карата стадиондун оңдоо иштери ыкчамдык менен жүрүп жатканы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM