Биз менен байланышыңыз

ӨКМ 5-7-июль күндөрү сел жүрүп, жолго таш түшүшү мүмкүн болгон даректерди атады

Кыска кабар | 7 Июл 2024 | 242 | 0

5-7-июль күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү жана унаа жолдорго таш түшүшү мүмкүн.

Айрыкча Баткен облусунун Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Ноокат, Алай жана Чоң-Алай райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Панфилов, Жайыл жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунун аймактарында сел жүрүү жана унаа жолдорго таш түшүү коркунучу бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай маалыматты мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдырына ылайык жарыялаганын билдирди.

— Бишкек – Ош  унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426- чакырымдарында;

— Ош – Сары-Таш – Иркештам унаа жолунун 64-65,  68-70, 78-80, 100, 106,  121-124, 133-чакырымдарында;

— Бишкек – Балыкчы  (БООМ капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымында;

— Балыкчы — Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымында;

— Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымында;

— Ош – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында сел, таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM