Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Жер мунапысына ээ болгон жарандардын тизмеси жарыяланды

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 187 | 0

Бишкек мэриясынын жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментинин маалыматына ылайык, жер мунапысына кирген объектилерге арыздарды кабыл алуу иштери улантылууда.

Бүгүнкү күндө документтерин толук тапшырган Биринчи май районунун  жарандарынын тизмелери белгилүү экени кабарланды. Ал тизме менен бул шилтемеден таанышууга болот.

Арызды тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

— арыз ээсинин — жеке жактын өздүгүн ырастай турган документтеринин көчүрмөсү же юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

— жер участогуна укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү (бар болсо);

— техникалык паспорттун көчүрмөлөрү;

— нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлдөрдүн ишеним каты;

— объектти сатып алуу фактысын ырастоочу документтер (бар болсо) (жерге мунапыс объектисин сатып алууну ырастоочу документтер же тиешелүү дүмүрчөктөр, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдүн дүмүрчөктөрү, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр, ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM