Биз менен байланышыңыз

Мектеп окуучуларынын аттестаты «Түндүк» тиркемесине кошулду

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 160 | 0

Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Түндүк» мобилдик тиркемесинде жаңы санариптик документти кошту, ал окуучулардын жалпы орто билими жөнүндө аттестаты.

Санариптик сертификат анын кагаз түрүндөгү түп нускасы сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ жана аны жумушка орноштурууда, ошондой эле билим берүү документин талап кылган башка учурларда колдонсо болот.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2018-жылдан баштап жалпы орто билим жөнүндө күбөлүк жана негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк санариптештирилгенин эскертет. 2018-жылга чейин мектепти бүтүргөндөр санариптештирүү үчүн аттестаты берилген окуу жайга кайрылышы керек.

Эгер маалыматтар тиркемеде көрүнбөсө же каталар болсо, анда аны тууралоо үчүн мектепке баруу сунушталат.

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл 28-июнда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди тапшырган.

Быйыл 11-класстын 76 миң 244 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 127 миң 176 бүтүрүүчүсү мамлекеттик үлгүдөгү документтерин электрондук жана кагаз түрүндө алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM