Биз менен байланышыңыз

5-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 111 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 5-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын  температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +28…+30 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM