Биз менен байланышыңыз

Таласта жолдо жарышкан 6 унаанын айдоочусуна 90 миң сом айып салынды

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 104 | 0

Таласта жолдо жарышкан автоунаалардын айдоочуларына 90 миң сом айып  салынып, унаалары айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Социалдык тармактарда Талас облусунун аймагында топтолгон автоунаалар жолду тосуу менен жарышып, автоээнбаштык кылып жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.

Бул факты боюнча ыкчам издөө иш-аракеттери жүрүп, жалпысынан 6 унаа табылып, ар бирине 15 миң сомдон, жалпы 90 миң сом айып пул салынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бир жылдын ичинде эки жолу автоээнбаштык жасаган айдоочулар 6 айлык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылаарын эскертти.

Жол эрежесин бузган айдоочуларды көрсөңүз (0777) 102-102 номуруна жөнөтүңүз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM