Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Монголиянын президенти менен сүйлөшүү өткөрдү

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 175 | 0

 Президент Садыр Жапаров 3-июлда Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагында Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Анда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну тереңдетүү, тоо-кен тармагында жана туризм чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров акыркы жылдары Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы саясий диалогдун активдешүүсү байкалганын, бул эки өлкөнүн кызматташтыгынын кеңири спектрин тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи.

Соода-экономикалык кызматташтык алдыңкы планга чыгып жатканын, Кыргызстан үчүн Монголия менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү — эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири экенин кошумчалады.

Мамлекет башчы Кыргызстан экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын сунуштай аларын белгилеп, Монголиянын лидерин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Монголия президенти Кыргызстан менен кызматташтыкты эки тараптуу жана көп тараптуу форматта өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын белгилеп, транспорттук-логистикалык, билим берүү жана башка чөйрөлөрдөгү кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады.

Президент Садыр Жапаров 3-июлда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Казакстанга барды. ШКУнун 4-июлдагы жыйынында уюмдагы кызматташтык маселелери, аймактык жана эл аралык саясат талкууга алынат.

Жапаров Астанада Кытайдын президенти менен да сүйлөшүү өткөрдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM