Биз менен байланышыңыз

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтүшү мүмкүн

Кыска кабар | 3 Июл 2024 | 164 | 0

Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Казакстанда аталган оюндарды талкуулоо учурунда айтылды.

Жыйынга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Көк бөрү федерациясынын президенти Курманкул Зулушев, Казакстандын туризм жана спорт министри Ермек Маржикпаев жана башкалар катышты.

Быйыл V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрь айында Астанада өтөт. Казак министри Казакстан оюндарды өткөрүүгө даяр экенин, анда күндүн символу бар логотип жана ыйык элемент катары суу колдонуу сыяктуу маанилүү салттык элементтер сакталып калганын айтты.

Оюндардын ачылыш аземинде кыргыз делегациясы спортчулардын парадын ачып, салтанатта Көчмөндөр оюндарынын расмий гимни жаңырат. Тексттин автору Уланбек Абдрахманов, обону Эмил Кенжекуловдуку. Кыргызстандын делегациясы спорттун 21 түрү боюнча катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM