Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 20-апрелден бери селдин кесепетинен 17 адам каза болду

Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 126 | 0

20-апрелден 1-июлга чейин Кыргызстан боюнча селдин кесепетинен 17 адам каза болду, анын 8и жаш балдар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам башкармалыгынын кызматкери Кубаныч Темирбек уулу маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ушул эле мезгилде республика боюнча 250 сел катталды.

Жалал-Абад облусунда 61, Ош облусунда 71, Ош шаарында 6, Чүйдө 13, Баткен облусунда 66, Таласта 13, Нарында 3, Ысык-Көл облусунда беш учур.

Жалпы материалдык чыгым 172 миллион 956 миң сомду түзгөн, бирок эсептөөлөр дагы эле жүрүп жатат.

Ноокат районунда 28-июнда болгон селдин кесепетинен 28 турак үй жарактан чыкты, анын ичинен 3 үй авариялык абалда, 2 социалдык объект, 15 чакырым жол, 29 баш ири жана майда мал жабыркады.

Селден улам Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

ӨКМ тарабынан сел жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, өзгөчө мониторинг жүргүзүү, калкка маалымдоо, эвакуациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө божомолдор боюнча сел жүрүү коркунучу жок экени айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM