Биз менен байланышыңыз

БРИКС-2024: Кыргызстандын командасы 51 медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 25 Июн 2024 | 628 | 0

Быйыл 12-23-июнь күндөрү Татарстандын Казань шаарында өткөн БРИКС эл аралык спорттук оюндарында Кыргызстандын курама командасы 51 медаль, анын ичинде эки алтын, он бир күмүш, 38 коло медаль утушту.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Кыргызстандыктар 14 спорттун түрүнөн (ушу-саньда, ушу таолу, самбо, каратэ-до, жеңил атлетика, сууда сүзүү, шахмат, байдарка жана каноэ менен сүзүү, бокс, көркөм гимнастика, кураш, бел боо күрөшү, дзюдо, теннис) өлкө намысын коргоду.

Медалдык эсеп боюнча Кыргызстан 9-орунду ээледи.

Биринчи орунга Орусия (262 алтын, 141 күмүш, 99 коло), экинчи орун Беларусь (55 алтын, 85 күмүш, 107 коло) 3-орунду Кытай (20 алтын, 24 күмүш, 18 коло) алды.

Эл аралык мелдешке жалпы 90 мамлекеттен 4751 спортчу катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM