Биз менен байланышыңыз

Жашоочулардын тынчтыгын бузгандарга чара көрүү сунушталды

Кыска кабар | 19 Июн 2024 | 243 | 0
Депутат Дастан Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаттары Сеидбек Атамбаев жана Дастан Бекешев «Тынчтык жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуштады. Документ парламенттин 19-июндагы жыйынында биринчи окууда колдоо тапты.

Депутат Дастан Бекешев белгилегендей, жай мезгилинде жарандар оюн-зоок жайларынан, көбүнчө көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында же көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жайгашкан кафе, бар жана ресторандардан чыккан ызы-чууларга көбүрөөк даттанышат. Мыйзамдарды либералдаштыруу жарандардын укуктарынын акыркы орунда калышына алып келгендиктен, милициянын, санитардык кызматтардын баруусу, ал тургай соттук талаш-тартыштар түнү менен уктабай жүргөн жарандардын пайдасына чечилбей келет.

Мыйзам долбоору тынчтыкты жана эс алуу убактысын камсыз кылуу боюнча бир катар талаптарды белгилөөнү сунуштайт, анын ичинде, ызы-чуудан корголгон жайлардын жана аймактардын болушу, тынчтыктын жана бейпилдиктин бузулушуна алып келген аракеттерге жоопкерчилик, жарандардын тынчтыгын жана эс алуусун бузууга жол берилбей турган убакыт мерчемдери бар.

Мыйзам долбоорунда ызы-чууга тыюу салуу сунушталат:

— иш күндөрү саат 22.00дөн 7.00гө чейин;
— дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү саат 22.00дөн 9.00гө чейин.

Өзгөчө учурлар — 31-декабрь жана 1-январь;
— көп кабаттуу үйлөрдө саат 13.00дөн 14.00гө чейин.

Бул мыйзамдын азанга тиешеси жок экени белгиленген.

Тынтчык мыйзамын бузгандыгы жана ызы-чуу боюнча санитардык эрежелерди сактабаганы үчүн жеке жактарга 2000 сом, юридикалык жактарга 10 миң сом айып салуу сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Кубанычбек Самаков мыйзам долбоору менен ишкерлерге тоскоолдук жаратпоо керектигин айтты.

Депутат Тазабек Икрамов автобейбаштык кылган спорттук унаалардын айдоочуларына да чара көрүүгө чакырды.

Эл өкүлү Элдар Абакиров кир жуугуч машинелерди түнкү саат 10дон кийин колдонбоо сунушун берди жана түнкү 12ден кийин салют атууну тыюуга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM