Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун 3-раундуна өттү

Кыска кабар , Спорт | 12 Июн 2024 | 677 | 0

11-июнда Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курамалары ойноду. Беттеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде болуп өттү.

Оюн 1:1 эсебинде тайпалардын тең чыгуусу менен аяктап, жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курамасы 2027 Азия кубогуна жолдомо жана тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундуна чыгуусун камсыздады.

Жыйынтыктоочу турнирдик жадыбалда Кыргызстандын курамасы 11 упай менен экинчи орунду ээледи. Оман 13 упай менен биринчи орунда, Малайзия 10 упай менен үчүнчү орунда, Кытайлык Тайбэй 0 упай менен акыркы орунда.

Квалификациянын экинчи раундунун жыйынтыгында ар бир тайпадан эң мыкты эки курама 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алып, 2026-жылкы дүйнө чемпионатына болгон жолдомого күрөшүн улантат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM