Биз менен байланышыңыз

Лейлекте жашыруун диний билим берген мекеменин иши токтотулду

Кыска кабар | 11 Июн 2024 | 241 | 0

Лейлек районундагы жашыруун диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан мыйзамсыз иштеп жаткан диний объекттердин ишине бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Раззаков шаарындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте Баткен облусундагы «Ан-Нисаа» диний окуу борборунун ишмердүүлүгү токтотулду.

Аталган окуу борбору Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өтпөстөн, Лейлек районундагы аялдарга жана жашы жете элек өспүрүмдөргө диний сабактарды өткөргөндүгү аныкталды. Окуучулардын жалпы саны 60ка жакын аял болсо, анын 40ка жакыны жашы жете элек өспүрүмдөр.

Учурда бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Лейлек районунун ички иштер бөлүмү менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Окуу борборунан алынган диний адабияттар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM