Кыргызгидромет билдиргендей, 2-майга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз жаан жаабайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,
Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлөт, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +23…+25 градус жылуу болот.