Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык эки мушкер Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 1 мая 2024 | 996 | 0

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын (U-22) мүчөлөрү Алмаз Орозбеков (67 кг), жана Даниэль Абдрахманов (75 кг) Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты.

30 апрель күнү 1/4 финалдык беттештер өтүп, анда кыргызстандык 4 спортчу рингге чыккан. Алмаз Орозбеков чейрек финалда монголиялык Жандос Асхарды 5:0 эсебинде жеңсе, Даниэль Абдрахманов дагы 5:0 эсебинде түркмөнстандык Бегенч Акмырадов аттуу мушкерди жеңген.

Тилекке каршы, 86 кг чейинки салмакта Бекбол Мурасбеков жана +92 кг салмакта Саид Анарбеков жеңилүү ызаасын тартып калышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM