Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы ишкерлерге 10 миң гибриддик ККМди акысыз берүүдө

Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 335 | 0

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге жаңы муундагы 10 миң гибриддик контролдук-кассалык машинаны акысыз берип жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. 

ККМ бир катар себептерден улам кассалык аппараттарды өз алдынча сатып ала албаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында акысыз таратылууда.

Орнотулган POS-терминалы (төлөм карталарын төлөөгө кабыл алуу функциясы) жана кассалык чек принтери менен бул гибриддик ККМдер субъекттин ишкердик активдүүлүгү учурунда акысыз берилет.

ККМ аппаратын алуу үчүн салык төлөөчү иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз бериши керек.

Бүгүнкү күндө ККМди 54 миңден ашык ишкер колдонууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM