Биз менен байланышыңыз

4-ноябрда депутаттар өкмөттүн бюджет боюнча долбоорун талкуулайт

Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 255 | 0

Эртең, 4-ноябрда Жогорку Кеңештеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы жана «Мекенчил» депутаттык тобу биргеликте жыйын өткөрөт.

Анда өлкөнүн 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү мыйзам долбоору каралат.

Фракция жыйынында министрлер кабинетинин төрага орун басары Адылбек Касымалиев, министрликтердин башчылары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын төрагасы, Улуттук банк, Эсептөө палатасынын өкүлдөрү бюджет боюнча маалымат берет. Мындан тышкары, бардык министрлер чакырылган.

9 айдын бюджети: салыктык кирешелердин өсүүсү 150%га жетти

24-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети бюджет боюнча мыйзам долбоорун талкуулаган.

Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшееванын маалыматына караганда, республикалык бюджеттин жалпы кирешелери мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2023-жылы 322 млрд 766,0 млн сом суммасында белгиленди.

Ал эми 2024-жылы киреше 389 миллиард 211,5 миллион сомду, 2025-жылы 443 миллиард 829,8 миллион сомду түзөөрү болжолдонууда.

Келерки жылга бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 344 миллиард 029,2 миллион сом.

2024-жылга 375 млрд 807,4 млн сом, 2025-жылы 420 млрд 314,0 млн сом болоору күтүлүүдө.

Тагыраагы, 2023-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 млрд 263,2 млн сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM