Биз менен байланышыңыз

Депутаттар жана акыйкатчы абактагы саясатчы, активисттерден кабар алды

Кыска кабар | 2 Ноя 2022 | 341 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Мирлан Самыйкожо, Дастан Бекешев, Эмил Токтошев жана Акыйкатчы Атыр Абдрахматова абакта жаткан активист, саясатчылар жана ар кандай негизде отурган 30дан ашуун аялдар менен жолугушуп чыкты.

Бул тууралуу эл өкүлү Жанарбек Акаев кабарлады.

«Асия Сасыкбаева, Орозайым Нарматова, Рита Карасартова, Гулнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Перизат Сурановалар отурган камераларды көрдүк, алар менен чогуу отурган аялдар менен да баарлаштык. Баары эч кандай башаламандыкка үндөө болбогонун, тынч митингдер тууралуу гана сөз болгонун, мыйзамдын алкагында гана иш алып барышканын, негизсиз камалышканын айтышты. Орозайым Нарматова саламаттыгы жакшы экенин, бир гана атасынын ден соолугу үчүн кабатыр болуп жатканын айтты» , — деди депутат.

Андан сырткары жарандык аткивисттер Атай Бейшенбек, Али Шабдан, Айданбек Акмат уулу, Эрлан Бекчороев, Таалай Мадеминов, Акыл Айтбаев, саясат талдоочу Улукбек Маматаев, мурунку элчи Мамбетжунус Абыловдон да кабар алышкан. Алар Жаза аткаруу кызматы тарабынан орой мамиле, басым-кысым, коркутуу болбогонун белгилешкен.

«Бийлиги камоо менен коркутуп, башкасы митинг менен эш көрсөтүп дагы канча жыл убакытты текке кетиребиз билбейм. Туура, стабилдүүлүк керек, ызы-чууга мен да караманча каршымын, бирок чогулуп чай ичкендерди, фейсбукка сын пост жазгандардын баарын түрмө менен коркутуу — чоң ката. Өз жарандарына өчөшкөн кантип болсун? Эл башкаргандар кенен, айкөл, чыдамкай жана бириктирүүчү сапатка ээ адамдар болушу шарт. Диалог керек, азыр да кеч эмес. Эркиндикти муунтуп туруп, анан экономиканы көтөрөбүз деген жаңылыш ой. 70тен ашкан аялдар менен чыканактай кыздар эркиндикте жүрсө, коомго коркунуч алып келбейт» , — деди Жанарбек Акаев.

22-октябрда саясатчылар, активисттер жана саясий кыймылдар Кемпир-Абад боюнча документтерди коомчулукка жарыялоону жана чек ара маселелерин Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде кароону талап кылып, «Кемпир-Абадды коргоо» комитетин түзүшкөн.

23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалган. Кармоолор уланып, учурда Бишкекте башаламандык уюштурууга шектелип абака камалгандардын саны 26га жетти. Аларга Кылмыш-жаза кодескинин 278-беренесинин 1-бөлүгү боюнча («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») кылмыш иши козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM