Connect with us

ТИМ: Челябинсктеги абакта Кыргызстандын 17 жараны кармалууда

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 322 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Орусиянын Челябинск шаарындагы Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматынын башкы башкармалыгынын №1 ТИЗОсундагы Кыргызстандын жарандарына жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат бөлүмү билдирди.

12-августта Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Челябинск шаарындагы Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматынын башкы башкармалыгынын №1 тергөө изоляторуна барышып, аталган мекемедеги Кыргыз жарандары менен жолугушууларды өткөрдү.

Консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Башкы консулдуктун кызматкерлери Кыргызстандын ар бир жараны менен жекече баарлашып, берген суроолоруна жооп берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Учурда Челябинск шаарында жайгашкан №1 тергөө изоляторунда Кыргызстандын 17 жараны кармалууда.

Ошондой эле, кыргызстандык дипломаттар тергөө изолятордун башчысы полковник Т.Горбунов менен өзүнчө жолугушуу өткөрүп, консулдук мекеме менен тергөө изоляторунун мындан ары кызматташтык маселелерин талкуулашып, жарандарды кармоо шарттары менен таанышышты.

Башкы консулдук кыргызстандыктарга юридикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү максатында консулдук округдун аймагындагы түзөтүү абактарына, ТИЗОлорго жана убактылуу кармоочу жайларга баруу боюнча иштерди улантат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM